www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасында басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөткөн эле.
Учурда ИИМ, УКМК иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бир канча адамдар сурак берүүдө.
Мына ушул чырлуу окуядан соң “Учкундун” директору Бакытбек Султанов иштен кеткени маалым болду. Ордуна Президенттин иш башкармасынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Тапаев Илгиз дайындалганы айтылууда.