www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун алуучулардын саны 252 699 адамга жетти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын июль айында жөлөкпул 191 796 алуучуга дайындалган.
Сентябрь айында алардын саны 232 529 адамды түзсө, октябрда 252 699 адамга жеткен.
Ошентип, июль айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 60 903 адамга, же 31,8%га өскөн.
Сентябрь айына салыштырмалуу өсүш 20 170 адамды, же 8,7%ды түздү.
«Бала ырысы» мамлекеттик программасы үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.