www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-ноябрда КСДП парламенттик фракциясынын жыйнында Кыргыз Республикасындагы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча КР Өкмөттүн ишмердүүлүгү каралды.

Өлкө аймагында жолдордун абалы, курулушу жана оңдолушу боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баяндама жасап, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, финансы министри Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жооп беришти.

Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 34 миң чакырым жол бар. Анын 18 миң чакырымы Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында. Ар жыл сайын республика аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөп салууга 4 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Ошону менен катар “Түндүк-Түштүк” жолу, “Бишкек-Ош жолунун Маданият бөлүгү” сыяктуу бир катар инвестициялык долбоорлор иштеп жатат.

Талкууда депутат Азамат Арапбаев жолдорго асфальт басууда анын компоненти болгон битумду сатып алууда республикалык бюджеттен каражат кеч бөлүнүп, битум эң кымбаттаган учурда сатылып алынып жаткандыгына токтолду. КР Өкмөтүн бул жагдайга көңүл бурууга чакырган эл өкүлү: “Жыл соңунда келерки жыл үчүн сатып алуу иштери боюнча документтерди даярдап, жаңы жылдын январынан тарта каражат бөлүп, битум сатылып алынса бир топ каражат үнөмдөлөт. Себеби, эл аралык рынокто битумдун эң арзан сатылган убагы январь, февраль айы”,- дейт. Депутат Сайдолимжон Жураев борбор калаадагы жол тыгынын чечүү үчүн  автотоктомдорду көбөйтүү, унаа ашыкча көп болгон жолдорду бошотуунун үстүндө иш алпарууну сунуш кылды. Бир катар эл өкүлдөрү жок дегенде айрым жерлерде жүргүзүлүп жаткан аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери сапаттуу болсо деген тилектерин билдиришти.

Рейтинг боюнча коррупциялык көрүнүштөр көп катталган орган Транспорт министрлиги болуп жатканын айткан депутат Рыскелди Момбеков прокуратура органдары жол тармагындагы мыйзамсыз иштер боюнча иштерди козгоп жатканы менен эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн сынга алды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов талкуунун корутундулап жатып, ар жыл сайын республикалык бюджеттен дагы, сырткы инвестициялардан дагы жол тармагына көп каражат бөлүнөрүн, ага сырттан компаниялар келип жол салып, оңдоп жатканын белгилеп, “Биз улуттук жол компанияларын түзүшүбүз керек. Аларга артыкчылык берип, өстүрүшүбүз керек”,- дейт.

Жыйынтыгында өлкө аймагындагы жолдордун оңдолуп-түзөлүшү, курулушу боюнча КР Өкмөтүнүн ишмердүүлүгү тууралуу берилген маалыматты эске алуу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости