www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-ноябрда, Кыргыз Республикасын чейрек кылымга жакын (1961-жылдын 9-майынан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин) жетектеген белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн урматына «Ала-Арча» көрүстөнүндө «Теңир- Тоо ынтымагы» коомдук уюмунун айрым мүчөлөрү барып улуу инсандын арбагына куран түшүрүштү. Ошол эле күнү келээрки 2019-жылы Турдакун Усубалиевдин туулгандыгынын 100 жылдыгын белгилөөгө болгон иш-чаранын старт алгандыгын жарыялашты. Т. Усубалиев сыяктуу улуу инсандын маарекесин белгилөөнү албетте кош колдоп колдойбуз.

Айта турган кеп башка. Ошол «Теңир-Тоо ынтымагын» учур­да ким «жетектейт»? Кеп ушун­да. Чыныгы тоолуктардын бул «ынтымагын» бир кезде сепа­ратист Кадыржан Батыров же­тектеген «Ватан» партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү, ЖКнын экс-депутаты, бизнес­мен Шамшыбек Медетбеков де­ген адам. (Учурда «Кыргызстан элдеринин конгресси» деген партиянын Саясий кеңешинин төрагасы болсо керек) Ушул мырза убагында, 2007-жылдын октябрында, андагы парламент­тик шайлоонун алдында («брак по расчету» дегендей) кыргыз коомчулугуна белгилүү болуп калган «Аалам» коомдук гези­тин анын негиздөөчүсү Ч. Абы­кеевден сатып алат. Анан, жаңы түзүлгөн редакциялык жамаатка жана ал гезитке башкы редактор болуп дайындалып жаткан Кен­жебек Арыкбаев Ш.Медетбеков «гезит эркин көз карашта чыгарылып, эң башкысы мамле­кетибиздин жана андагы титул­дук улуттун кызыкчылыгы ба­сылмада алдыңкы орунда туру­шу керек» деген талабын коюуп, жаңы кожоюн макул болуп, экөө жигитче кол алышат. Ошен­тип, К. Арыкбаев мыкты жана ынтымактуу коллективди түзүп гезит өз ишин кайрадан нөлдөн баштайт. Нускасы өсөт, окур­мандардын оозуна алынат. Ал учурда парламенттик шайлоо да кирип келет. Анан эле «кожоюн» Шамшыбек Медетбеков гезит бетине Кадыржан Батыровдун «Ватан» партиясынын идеясын тыгууга жан үрөп кирет. Башкы редактор андай «оюнга» каршы көз карашын билдирет. Акы­рында, кийинчерээк Ш. Медет­беков К. Арыкбаевдин артынан айтпай «тон бычып», редакция­га жаңы команданы алдын-ала даярдап, гезиттин жаңы саны басууга даярдалып жаткан күнү К. Арыкбаевке башкы редактор­лук кызматтан алынганын бил­дирет. Ошондо Арыкбаев гезит­тин даярдалып жаткан ошол са­нын аягына чейин өзү бүтүрүп кетүүсүн өтүнүп, Медетбеков макул болуп, кызыгы ошондо элдин баарын өзүндөй ойлоп ал­ганбы, дагы эмнени жазып жи­берет дегендей кылып Медетбеков чыга турган гезиттин ар бир барагын, андагы ар бир макаланы лупа менен караган­дай эле текшерип, эч кандай «дезинформация» жок экенин өз көзү менен көргөн соң гезит басылууга кетет. Болгону анда Арыкбаев окурмандарына мын­дан ары гезитке башка адамдар жетекчилик кылаары тууралуу гана маалыматын билдирген. Андан соң жаңы командага ий­гилик каалап, кош айтышып чыгып кеткен. Кийин, Медетбеков кийинки команданы да кетирип, эгемендиктин алгач­кы жылдарында жарык көргөн, кыргыз тилинин мамлекеттик расмий тил болушу үчүн саясий чоң күрөштө жан үрөп иштеген «Аалам» гезити өзбек тилинде «Оолам» болуп чыгып, акыры кайран гезит «оомийин» болуп тынганы азыр да электрондук маалымат сайттарында илинип турат.

Эми ошол адам касиет арткан Теңир Тоолуктардын «Теңир- Тоо ынтымагын» жетектеп, анан эми минтип мамлекеттик улуу ишмер Турдакун Усубали­евдин 100 жылдык мааракесин өткөрүүчү топтун башында тур­ганы орустар айткандай как то неудобно көрүнүп атпайбы. Адашсак ак чөп башта болсун, бирок эмнегедир Ш.Медетбеков ал аракети улуу ин­сандын арбагына жамынуу ме­нен өзүнүн жеке саясий кызы­кчылыгын көздөп жаткандай туюм жаралат экен?

Болбосо, жер жүзүндө теңдеши жок “Ма­нас” эпосун бүгүнкү күнгө жет­кизген алп таланттар Тыныбек Жапак уулу, Сагынбай Ороз­баков, Тоголок Молдо, көркөм өнөрдүн ээлери Куйручук, ой­чул акын Арстанбек, Боогачы, акындардын алпы атыккан ка­ра жаак акын Калык, Теңир-То­одой бийик, рухий байлыгы Нарын дайрасындай ар дайым бууракандап агып келген та­ланттар, кыргыздын профес­сионалдык өнөрканасынын гиганттары менен титандары болгон улуу ырчылар Мыскал Өмүрканова менен Муса Бае­тов, балет искусствосунун ко­рифейлери Бүбүсара Бейшена­лиева менен Нурдин Түгөлов, Уран Сарбагышев кайталангыс ырчы Асек Жумабаев, театр менен кинонун легендалары Муратбек Рыскулов менен Тат­түбүбү Турсунбаева, Геннадий Базаров, Чоро Думанаев жана да Шайлообек Дүйшеев сыяк­туу жазган ыр саптары ар дай­ым ондукка тийген алп акыны чыккан, илим-билимде болсо кыргыздын туңгуч агартуучусу жана азыркы көз карандысыз мамлекетти түптөөгө катышкан демилгечилердин бири Ишена­алы Арабаевди, Кыргыз ССРы аталгандагы биринчи төрага­сы Баялы Исакеев, Улуттук ака­демиябыздын академиктери Какиш Рыскулова, Апас Баки­ров, Үсөн Асанов, Жамин Аки­малиев, академиянын мүчө корреспонденттери Кубат Ос­монбетов, Шайлоо Мусакожо­ева, Аблабек Асанканов, Роман Оморовдор, дүйнөлүк экинчи согушта теңдешсиз эрдик жаса­ган чыныгы баатыр Дайыр Аса­новду Кыргызстандын түштү­гүн 10 жыл, кыргыз өкмөтүн 10 жыл жетектеп, мамлекеттин экономикасын зор бийиктикке жеткизген Ахматбек Сүйүнбаев, медицина тармагынын ардаге­ри, коомдук ишмер Накен Каси­ев… кыскасы, Кыргыз мамлеке­тинин экономикасына, илими­не, маданиятына ат көтөргүс эмгегин сиңирген Теңир-Тоо­дон чыккан мындай ысымдар­ды атай берсек таң агарып, түн кирет…

Эми, кыргыздын бак­тысына ушундай улуу адамдар­ды берген Теңир-Тоодо «Теңир- Тоо ынтымагын» жана кыраакы мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык ма­аракесин өткөрүүдөгү ошол «оргкомитетти» жетектөөдө Медетбековдон башка мыр­залар жок калганбы? «Кайдан кулак чыгарса «Жаңыбайдын самсысынын өз эрки», кечире­сиздер, казанчынын өз эрки» дечи. Анан калса Шамшыбек Медетбековдун жеке адамдык турпатына көө жабалы деген­ден таптакыр алыспыз. Качан болсо тыпыйып, тыкыйып, аста басып аяр сүйлөп жүргөн инсан. Бирок, «аруулук саясат» дегени аралашкан мындай жөрөлгөдө Медетбековдун «ынтымакты сүйлөп» Теңир-Тоолуктардын башында турганы… билбейбиз не деп да айтаарды.

А балким ал кишинин ордунда мүмкүн бел­гилүү меценат Аскар Салымбе­ков же көркөм дүйнөгө жакын ишкер, ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков, болбосо «Кочкор коомун» жетектеп жүргөн Дүй­шөн Ирсалиев сыяктуу төрөлөр башында турса балким ошон­до ылайыктуу болоор беле де­генибиз? Ал эми маркум Тур­дакун Усубалиев аксакалдын көзү тирүү кезинде ал кишинин ошондогу мааракесин өткөр­гөндөрдүн башында турган Шамшыбек Медетбековдун андагы жоруктарын айтпай эле коелу.

Булак: "Айгай-пресс"

Последние новости