www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЧЫГАШАЛУУ ТОЙЛОР жана ЧЫДАТПАГАН ОЙЛОР

1. Кечинде саат 5ке деп чакырылган тойдун коногу жакыны 3 саат, алысы 3 күн мурда жолго чыгат...

2. Кечинде саат 5те деген той кеминде 2 саат, болбосо 3 саат кечигип башталат...

3. Жок дегенде 3, болбосо 5 түр тамак, 2-3 түр салат, мөмө-жемиш, борсок-нан, кант-курс... баарынын башына ооз тийилип, калганынын көбү таштандыга ташталганы трагедия.

4. Ата-эненин сөзү угулуп, калганына көңүл бурулбаган баш аламандык...

5. Билимге эмес кийимге, сабакка эмес салатка, тообага эмес модага, бааланган сөзгө эмес бойолгон көзгө, такталган кепке эмес чапталган бетке, улууга эмес сулууга карап калган көпчүлүк...

6. Каалоо айтылып бирок кеңеш берилбеген, турмуштун сырлары үйрөтүлбөгөн, кайталанма жана тажатма тилектер...

7. Кийгенге же колдонгонго жарабаган материал - чүпүрөктөр...

8. Бырышып кеткен байкуш улуттук чапан, сыйланбаган синтетика кытай калпагы....

9. Бата бере албаган байкуш улуулар...

10. Энесин карабай денесин караган жаштар...

11. Карызга өткөн той менен башталып, карызды кантип төлөсөм деген ой менен ташталып жаткан жаш жубайлар...

12. Эки ай жашап-жашабай жатып эки жакка айрылып жаткан эки жаш...

13. Аялды алып эле айылга таштап, алыска айлап-жылдап кеткен күйөє бала...

14. Эптеп эрге тийиш үчүн жасалма жасалган мамиле менен тойдон кийинки чыныгы келиндин жүзү...

15. Минип жүргөн жеке машинасы боло туруп кайра кымбат машинаны акчага кирелеп сейилдегени чыккан жаштар...
Лимузин, Джип, Хаммер, Лексустарга али апасын салып шаар айлантуу акылына да кире элек өспүрүмдөр

16. Никенин маанилүүлүгүнө көңүл бурбаган көпчүлүк...

17. Боюнда бүтүп калгандан кийин, коомчулук биле электе үйлөнөлү деген ыймандын алсыздыгы же ата-эненин кайдыгерлиги...

18. Ата-энелик таалим-тарбияны албай туруп ата-эне болуп жаткан ата-энелер...

19. Коногун ресторандан күзөтүп жашагандын айынан, үйгө келген үч адамга кызмат кылууну билбей жүдөп жаткан кыз-келиндер...

20. Ресторандагы кыздарды үйдөгү меймандарга тейлөө үчүн жалдап келип, туугандардын бой жетип калган балдар кыздарынын жеп ичип жаткан жалкоолугу...

21. Түн жарымдан кийин үйгө келип эртеси жумушка чарчап барып ийгилик жарата албаган жалкоолор...

22. Курсагы токтор келип, курсагы ачтар катышпаган маарекелер...

23. Тойкана салып ишкана сала албаган ишкерлер...

24. Сахнада жүргөн таланттардын майдаланып, тойдон өйдө көтөрүлө албаган токчулугу же фонограмма ыр менен ырдап жүргөн жалганчы жарчылар...

25. Башкалар араба түртүп керээли кечке беш жүз сом таап жатса, төрт саатка төрт миңдин ордуна 400$ сураган алып баруучулар...

Элүү жылда эл жаңы. Элдин өзү козголуп, элдин өзү ойлонмоюнча жогорудагы жосунсуз жоруктар кайталана берет.

АШКАЗАНДЫН КЕБИН КЫЛЫП АТА-ЖУРТКА КЫЗМАТ КЫЛЫНБАЙТ.

ОЙЛОНОЛУ жана ОЙГОНОЛУ

Булак: Де-факто

Последние новости