www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы билдирүүдө. Алардын билдирүүсүнө караганда, Орусия борборунун Москворецк базарында иштеген мигранттар он күндөн бери полициянын кысымына кабылышууда.
Негизинен тажик жана өзбек жарандары кармалууда. Мигранттар полиция күч колдонгонун, полиция автобустарына тыгып, базарда көпчүлүктүн көзүнчө уруп жатканын билдиришүүдө. Мигранттарды кармоо кезинде бир нече адам катуу жараланган. Кармалган мигранттардын көбүнүн тагдыры белгисиз. Бир нече жаран Сахароводогу миграция борборуна жиберилсе, дагы бир катары депортацияланган.
Москворецк базары 1965-жылы курулган. Бул жерде курулуш материалдары гана эмес, азык-түлүк да сатылат. Тажикстан менен Өзбекстандын жүздөгөн мигранттары сатуучу, жүк ташуучу жана тазалоочу болуп иштешет.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда бир миллиондон ашуу тажикстандык мигрант иштейт.
Булак: NazarNews.kg