www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун  Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык уюштурууга катышуу жана барымтага алуу фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 244-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1,2,3,4 пунктунда (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 3-бөлүмү (массалык баш аламандыктар) менен сотко чейинки өндүрүш  иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

23-август күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8 августундагы окуялар боюнча Валентин Богатырев жана Адиль Турдукулов күбө катарында 
чакырылды. Алар күбө катарында суракка чакырылып, тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат беришти.

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 7-8 августундагы окуялар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости