www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен өзүм журналистмин. Бир күнү сауна иштеткен таанышым: “Бул жакка келип бир эс алып кетпейсиӊби. Сага укмуш материалдар табылат”, - деп телефон чалганда айтылган дарек боюнча тез эле жетип бардым. Ал жерде тал чыбыктай ийилген жаш кыздардын казысы салаӊдаган эркектерди тейлеп жатканын көрүп аларга бир чети зээним кейисе, акча үчүн ушундай  ыплас ишке барган өзүӊөр күнөөлү деп бир чети кыжырым келди. Убакытты созуп отурбай арасынан көзүмө жакшы көрүнгөн  бирөөсүн эки саатка сатып алып маекке тарттым.Акчаны болсо саунанын ээси өзү төлөмөй болду. Маектин жүрүшүндө 21 жаштагы Турсунай (аты өзгөртүлдү) мага буларды ачык айтып берди. 

-Өзүӊ жакшынакай эле кыз экенсиӊ. Ар ким менен жаткандан уялбайсыӊбы? 

-Эмнеге уялмак элем. Эӊ негизгиси мага көбүрөөк акча төлөсө болду да. Бул ишке өзүм аябай көнүп калгам. Эгер бул жерден кетсем эле өзүмдү көчөдө калчудай сезе берем. Учурунда башка ишке кетсемби деп жакшы эле аракет кылдым. Бирок эч жыйынтык болбоду. 

-Мындай ишке кантип аралашып калдыӊ эле? 

-Эми мунун өзүнчө таржымалы бар. Анда шаарга жаӊы келген кезим. Күндөрдүн биринде маршруттук таксиде баратып бир жигит менен таанышып калдым. Аты Тимур болчу. Экөөбүз башында дос катары эле жүрчүбүз. Убакыттын өтүшү менен биздин достугубуз сүйүүгө айланды. Сүйөт десе эле эс-учумду жоготуп сүйгөн окшойм. Чынын айтсам ансыз жашоомду эч элестете алчу эмесмин. Бир жолу квартирасына барып түнөп калдым. Тимур ошондо алгачкы жолу койнуна алып жатып кошулганга аракет кылды. А мен ага бир топ эле каршылык көрсөттүм. Ага болбоду. Кыскасы, кыздыгымдан ажырадым. Ызама чыдабай канчалык ыйласам да акыры өзүмдү күнөөлөп жер муштап отуруп калдым. 

-Тимур экөөӊ андан кийин жолугуп жүрдүӊөрбү? 

-Ооба. Экөөбүз жолуккан сайын кумарга батчубуз. Ал боюма бүтүп калган учурда телефонунун номерин алмаштырып башка квартирага көчүп кеткенде биротоло үмүтүмдү үздүм. Аны унута албай кыйналыдым. Акырында айлам жок боюмдагы наристени алдырткандан кийин мага баарыбир болуп калды. Бир жерге конокко барганда көӊүлүмө жаккан эркекке этегимди ачканды көнүмүш адатка айландыра баштадым. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет” болуп  бир жолу акчага зар болгондо Цирктин жанына тура калгам. Ошол күндөн баштап сойкулардын катарын толуктап калдым. Бул жерге болсо саунанын ээсинин бир таанышы иштей турган кыздарды издеп жүргөнүн айтып алып келген. Цирктин жанына караганда саунада иштеген жакшы экен. 

-Бул жерде тапкан акчаӊ өзүӊө кенен жетеби? 

-Арам иш менен тапкан акчанын берекеси жок болот окшойт. Күнүмдүк тириликке кенен жеткени менен ашыкча акча топтой албай койдум. 

-Жеке турмушуӊду өзгөртөйүн деген оюӊ барбы? 

-Албетте. Мен деле бирөөнүн сүйүктүү жары болгум келет. “Эл оозунда элек жок” дегендей качандыр бир убакта айыбым ачылып калса күйөөмдүн бетин кантип карайм деп корко берем. Эми мени түшүнгөн адамдын чыгышы кыйын болсо керек. Чыккан күндө деле басынтып жашайт да. 

-Угушума караганда бул жерде иштеген кээ бир кыздар өзүнүн кардарына турмушка чыгып кеткен учурлар кездешет экен. Буга эмне дейсиӊ? 

-Мага деле үйлөнгүсү келген кардарлар жолуккан. Бирок өзүм макул болгон эмесмин. 

-Жалгыздык  деген баарыбир жаман да... 

-Сиздин айтканыӊыз туура дечи. А бирок азырынча жалгыздык тууралуу ойлоно элекмин. Балким менин да багым ачылып калгысы бардыр... 

Н.ГЕКТАР

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости