www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин жактоочулары материал менен таанышууну атайылап создуктуруп жатышат. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы кылмышка шектүү Алмазбек Атамбаев боюнча тергөө ишин аяктап, бул боюнча маалымат жактоочулары Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле айтылган.
2-3-августта жактоочулар келбей коюшса, 4-августта Алмазбек Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө аяктагандыгы боюнча протоколго кол койбой коюшкан. Ошондуктан, 11-сентябрга чейин кылмыш иши менен таанышып чыгуу боюнча токтом чыкты.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев өтө оор кылмыштарга шектелип кармалып, учурда УКМКнын СИЗОсунда жатат.
Булак: "NazarNews.kg"