www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-октябрь Талас районундагы Өмуралиев айыл аймагынын Үч-Кошкон жеринде Жерүй алтын кенинин айланасындагы ар кыл маселелер боюнча Жалпы республикалык Элдик жыйын болот. бул тууралуу маалыматты Күнболот Момоконов жазып чыкты.
Жыйында, Жерүй алтын кенинин кечээгиси, бүгүнкүсү жана эртеңкиси тууралуу сөз жүрөт. Кыргызстаныбыздын келечегине кайдыгер карабаган баардык тарапттар катышып, ийри олтуруп түз кеңешсек деген тилек бар.
Ар бир маселени кеңешип, ынтымакта, мыйзамды сыйлап, бири бирибизге урмат сый кылып, туура түшүнүшүп чечүү учур талабы. Мамлекетибиз бирөө гана-ал кыргыз Эли үчүн гана керек. Кыргыз Эли Кыргызстанда жашап жаткан баарыбыз. Учурда, Кыргызстандагы тоо кен тармагы орчундуу маселеге айланып, аны акыл менен чечпеген жерде түрдүү окуялар менен коштолууда. Айрым, адилетсиз, өлкө келечегине кедергисин тийгизген чечимдер Эл нааразычылыгын жаратып жатканы жашыруун эмес. Анын арты нааразычылыктарды пайда кылып, бийлик да өз Элине ыксыз мыйзам бузуулар менен үстөмдүгүн көрсөтүп жатканы айдан ачык. Этеги эл да, бийлик да утуш таппай, иевестициялык климат өзгөрүүдө.
Кумтөр алтын кенинен кийинки эле чоң кирешеси бар делген Жер үй кени деле чырдын башынан чыкпай келет. Өзгөчө, касиеттүү Таластын табияты, эл саламаттыгы, жер асылдуулугу үчүн анын пайдасынан зыяны көп болоорун айткандар арбын. Бул келечек үчүн коркунучтуу жана опурталдуу. Эгер, экологияга, таза сууларга, тоолорго негизгиси Элдерге тийгизбеген терс таасири болбосо, өлкөгө миллиондорду эмес, миң сом берип атса да аны колдоп албаганыбыз анык акмакчылык болот эле. Тилекке каршы, "таасиринен Таласты жоготуп албайбызбы?" деген коркунучта турганында болуп жатат.
Минтип айтуу менен дароо эле ал жерди жаап, жакалашып, жаман айтышуу эмес, Элдик жыйын кылып, кетирген кемчиликтерибизди түздөп, каталарыбызды карап, келечегибизди ойлоп, акыл толгоп, Таласыбызды татыктуу коргоп, анан бийлигибизге билдирген Эл кеңеши кылалы деген эле максат. Эмнеси болсо да, Эл чечсин деген тилек! Жыйын, негизги 3 чоң маселени коет. Жыйынтыкты жалпы Эл чыгарып, ошого жараша чечимдер кабыл алынат!, - деп билдирүү таратты Күнболот Момоконов.
Булак: NazarNews.kg