www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.
2018-жылдын 6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) жана 341-беренелер (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 жарандын өздүгү такталган.
2018-жылдын 2-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына алынып келинген.
Жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелгендер боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 жергиликтүү тургуну киргизилди.
Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча кийинки ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Учурда Чаткал районунда абал туруктуу жана жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg