www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда өзбекстандык 52 адам менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды. Ал Ташкентте колго түшкөнүн, Казакстандын 46 жаштагы жараны экенин өзбек милициясынын басма сөз кызматы 1-декабрда кабарлады.

Шектүүгө "Автоунааны сапатсыз оңдогон жана техникалык мүчүлүштүк менен пайдаланууга берген" деген айып коюлуп жатат. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал Казакстандын укук коргоо органдарына тапшырыларын маалымдады.

Казакстандын Актөбө шаарында бул окуя боюнча сот иши уланууда. Соттолуп жаткандардын арасында автобустун айдоочусу жана механик да бар.

2018-жылдын январында Актөбө облусунун аймагында Орусияга сапар тарткан автобус күйүп кеткен. Анда Казан шаарына иштегени бараткан 52 өзбекстандык көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости