www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөө комитети тарабынан Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Евгения Шишкинанын өлүмү боюнча тергөө иштерин аяктады. Бул тууралуу РФнын Башкы тергөө комитетинин расмий өкүлдөрү маалымдашты.

“Кылмышка шектүү Абдулазиз Абдулазизов жана дагы бир шектүүнүн үстүнөн тергөө иштери аяктады. Аларга “Топ менен адам өлтүрүүнү уюштуруу” жана “Куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон”, - дейт Башкы тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко.

Буга чейин тергөөчүнүн өлүмүнө байланыштуу жалпысынан 22 адамга иш козголгон. Айрымдарына сот өкүмү чыгып, абакта болсо башкалары издөөгө алынган. Өлтүрүлгөн ИИМдин тергөөчүсү Евгения Шишкина хакерлердин тобуна байланышкан ишти иликтеп жүргөн. Бирок, 2018-жылдын 10-октябрында аны үйүнүн алдынан өлтүтүп кетишкен.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости