www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Кемин райондук ооруканасы толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, интернет менен камсыз болду. Бул туурасында NazarNews маалымат агенттигинин жеке кабарчысы билдирди.

Билдирүүгө таянсак, капиталдык оңдоп-түзөөгө толугу менен 22 млн 400 миң сом сарпталган.

Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Назарбек уулунун айтымында, интернеттин кошулушу  ыңгайлуулук жаратууда. Анда бейтаптар дагы электрондук тизмеге туруп, бардык иштөө шарттарын алдын  ала билсе болот.

"Ооруканадагы бейтаптар тууралуу бардык керектүү документтер атайын маалыматтар базасында сакталат.  Бул жерден бейтап  тууралуу  керектүү маалыматты так жана тез таба алабыз.  Азыркы учурда Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалыматтар базасына " Төрөт"  жана " Реанимация"  бөлүмдөрү түздөн-түз кошулган.  Дагы бир  ыңгайлуу жагы, бейтаптар дагы электрондук тизмеге туруп, бардык иштөө шарттарын алдын  ала билсе болот",-   деди ал.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости