www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда 2015-жылдагы өзөктүк келишимге чейинки убактан да көп өлчөмдө уран байытып жатат. Бул тууралуу Азаттык маалымат агенттиги иран президенти Хасан Роуханинин берген маегине таянып жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Иран дүйнөнүн алты ири өлкөсү (АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия) менен «өзөктүк келишим» деп аталган документке 2015-жылы кол койгон. Ага ылайык, Иран уран байытууну азайтып, бир катар талаптарды аткармак.
Бирок,  2018-жылы АКШ президенти Дональд Трамп бул келишимден чыкканын жарыялап, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Мындай чарага жооп катары Ирандын бийлиги келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Иран президенти бүгүн, 16-январда мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө өзөктүк келишимден биротоло чыгып кетпеген чечимди коргоду. Анда "эгер Иран ал келишимден биротоло чыгып кетсе, Бириккен Улуттар Уюму бизге каршы санкция салмак, бул АКШнын президенти Дональд Трамптын чырагына май тамызмак",-деп айтты.

Ушул айдын башында Ирандын бийлиги дүйнөдөгү алты держава менен кол коюлган «өзөктүк келишимдин» шарттарын аткаруудан баш тарта турганын жарыялаган. Ошол эле кезде расмий Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык комитет (МАГАТЭ) менен кызматташтыкты улантарын билдирген.

Тегеран мындай кадамга АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани Багдадда өлтүрүлгөндөн кийин барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости