www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин демилгеси менен жылына уюштуруулучу иш-чаранын алкагында ИИМдин Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун кызматкерлери Ысык-Ата районундагы Краснореченский балдар үйүнө барышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Окуу жайдын өздүк курамы балдарга кубаныч тартуулашып, өздөрү менен кошо алып барышкан белектерди, кийим-кечелерди, оюнчуктарды тапшырышты. Ошондой эле, курсанттары тарабынан балдардын маанайын көтөрүүү максатында даярдалган чакан концерт көрсөтүлүп, чогуу ырдап, бийлешип, иш-чараны шаңга бөлөштү.

Өз кезегинде балдар интернатынын жетекчисинин орун басары Н. Шапилова өзүнүн жана жалпы жамаатынын атынан ИИМдин Республикалык окуу борборунун өздүк курамына кайрылып, жыл сайын балдардын маанайын көтөрүп, аларга майрам тартуулап, жардам берип келе жатканына ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости