www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун үстүбүздөгү жылдын ноябрында донордук коомчулук менен жолугушуусунда тийиштүү чечимдерди кабыл алууну создуктуруу жана ашыкча бюрократиялык башаламандыктар боюнча белгилүү бир эскертүүлөр айтылган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тартылган инвестициялык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат кеңешинин жобосуна жана тийиштүү ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.
«Биз жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды тартууда андан кандай натыйжа аларыбызды жана милдеттерди кайсы каражаттар менен жабаарыбызды так аныктоого тийишпиз, себеби кандайдыр бир деңгээлде бул өлкөнүн бюджетине таасирин тийгизет. Биз тартылган карыздарды болушунча натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздашыбыз керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Үч-Коргон ГЭСин капиталдык реконструкциялоого, Ысык-Көл облусунун тазалоо курулуштарын модернизациялоого, суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле Камбарата ГЭС-2 иштетүүнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган бир катар инвестициялык долбоорлор каралды.
Булак: NazarNews.kg