www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирак парламенти Американын базасын өз өлкөсүнөн чыгарууну чечти. Буга Трамптын Касем Сулейманини жана Ирактын куралдуу күчтөрүнүн орун басарын, мындан тышкары 10дон ашык кишилерди Багдадда өлтүрткөндүгү себеп болду.
Ирак бул окуядан кийин АКШны «өлкө эгемендигине шек келтирди, эл аралык укуктарды жана нормаларды бузду» деп айыптап жатат. Вашингтон болсо Сулеймани «согуш баштоо эмес, аны токтотуу максатында» өлтүрүлгөнүн айтып актанууда.
Ирак парламенти 5-январда кезексиз чукул жыйын өткөрдү. Парламент “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы уюшулган коалиция менен түзүлгөн келишимди токтотуу жана Америка авиабазасын мамлекеттен чыгаруу тууралуу өкмөттүн сунушун колдоп, бир добуштан чечим кабыл алды.
Парламент спикери Мухаммед ал-Халбуси АКШны «Ирактын эгемендигине жана коопсуздугуна шек келтирди» деп күнөөлөп жана буга байланыштуу өкмөттүн атынан тышкы иштер министрине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылууну тапшырды.
Ал кабыл алынган чечимге ылайык, Иракта мындан ары чет өлкөлүк аскерлер болбошу керек. Өкмөт мамлекеттин жерин, абасын жана суусун эми кандай гана максатта болбосун алардын пайдалануусуна тыюу салууга тийиш.
Ал эми Трамп бул кадамга нааразычылыгын айтып, "Ирак Американын базасы үчүн керектүү сумманы төлөбөсө АКШ базасын ал өлкөдөн алып чыкпайт",- деп билдирди.
Булак:NazarNews.kg