www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 25 жаштагы жаранынын денеси азыркы күнгө чейин мекенине алып кетүү мүмкүн эмес. Тергөөчүнүн уруксаты керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2019 жылдын 31- декабрында кыргыз жарандарынын арасында түшүнбөстүктүн айынан жаңжал чыгып, 25 жаштагы кыргыз жараны бычакталып, каза болгон. Кийин элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, бычакталган баланын туугандарына анын каза болгондугун кабарлашкан.

“Кылмыштык тергөө иштери текшерилип жатат, маркумдун денеси тергөөчүнүн уруксаты менен жана соттук экспертиза бүткөндөн кийин гана мекенине жөнөтүлөт. Азыркы учурда уруксат берүү документтери,  тергөө жумуштары менен дем алыш күндөрүнө байланыштуу кармалып турат”- деп элчиликтен билдиришти. 

Мындан тышкары, бул маселе элчиликте тыкыр көзөлөмдө тургандыгын да кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости