www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырсыкта жабыркаган учкуч эс учуна келди

Декабрь айынын соңунда Алматы шаарында кулаган “Ber Air” авиакомпаниясына таандык учактын экинчи учкучу эс учуна келди. Бул тууралуу tengrinews.kz маалымат агенттиги кабарлады. Экинчи учкуч буга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаткан, эми эс учуна келип, абалы турукташа баштагандан кийин жөнөкөй палатага которулду. Учурда ал жакындары менен сүйлөшүп, өзүн туруктуу сезүүдө.

Белгилей кетсек, учак кырсыгынан 69 адам жабыркап, 12 адам каза болгон. Жабыркагандардын көбүнө операция жасалып, ага Кыргызстандан Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков казак коллегаларынын өтүнүчү менен барган.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости