www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда судья мас абалда жол кырсыгына кабылды.  Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 30-декабрга караган түнү болгон. Аял айдоочуга карата протокол толтурулуп, унаа айып короого токтотулган.

Видедодо көрүнүп тургандай, Жалал-Абаддын көчөлөрүнүн биринде «Тойота» үлгүсүндөгү унаа «Дэу Нексия» менен сүзүшкөн. «Тойота» унаасын аял киши башкарып бара жаткан, жанында тийиштүү документтер жок болуп чыкты. Ал суроолорго жооп берип жатып, шаардык сотто судья болуп иштерин айткан. Анын айтымында, жаңы жылдык корпоративден чыгып бара жаткан.

Айдоочу аял Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова экени аныкталды.

ЖКККБнын кызматкерлери айдоочунун ичимдик ичкенинен күмөн санап, наркологияга экспертизага жөнөткөнү маалымдалды

Булак:NazarNews.kg

Последние новости