www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирактагы кыргызстандык балдар качан алынып келинет? Бул суроого Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 23-январь күнү маалымат жыйыны учурунда жооп берди.
Анын берген маалыматына караганда, мамлекет Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын мекенине кайтарып келүүгө даяр. "Согуштук аракеттер болгон жайдан кимдир-бирөөнү алып келип, кайра коомго аралаштыруу оңой нерсе эмес. Аларга тиешелүү органдардын, адистердин жардамы керек. Учурда биз даярбыз. Азыр Ирактын расмий чакыруусун гана күтүп жатабыз. Ал жакта абал тынч эмес экенин билесиздер. Качан абал турукташып, ал тарап макулдугун бергенде, биздин адистер барышат", — деп билдирди Айдарбеков.
Белгилей кетсек, Иракта калып калган кыргыз балдарын алып келүү маселеси былтыркы жылдын август айында көтөрүлгөн. Анда БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольмду, балдарды алып келүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдирген.
Министр бул маселе боюнча бардык тиешелүү ведомстволор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, даярдык көрүлүп бүткөнүн айтты.
Эске салсак, согуш болуп жаткан өлкөдөн өз жарандарын кайтарып алуу боюнча коңшу Казакстан "Жусан" операциясын ийгиликтүү өткөрүп келет. Анын алкагында мекенине Сирия жана Ирактан 400дөн ашык аял жана балдар кайтышкан.
Булак: NazarNews.kg