www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Ысык-Көл облусунун Нововознесеновка айылындагы жеке үйлөрдүн биринде жашоочу тургунга электроэнергия үчүн 59 миң 357  сом деп жазылган дүмүрчөк (квитанция) “Чыгышэлектро” ААКынан   келген. Бул тууралуу тургун жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Тургундун айтымында бул төлөм 2019-жылдын 19-декабрынан 2020-жылдын 19-январына чейинки электр энергиянын  эсеби. Тургун 60 миң сом болгудай ашыкча бир приборлорду да колдонбойм деп таң калган.

Анын айтымында кээде жогорулатылган сумма келип калчу, бирок буга чейин  үй ээсине эч качан мындай суммадагы төлөм келген эмес.

“Чыгышэлектро” ААКнын басам сөз кызматы бул дүмүрчөк боюнча түшүнбөстүк чечилгендигин билдирди.

Компаниянын өкүлүнүн айтымында “Эсептегичтин көрсөткүчүн алгачкы жумуш күнүнө чыккан жигит жазган. Учурда ал өзүнө тиешелүү сөгүш алды”,-деп билдирген жана дүмүрчөк кайрадан басылып чыккандыгын айтты.

Жыйынтыгында абонент 97 сом төлөм карыз экендиги такталды.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости