www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштан чыгып кетүүгө шылтоо издеп, маани-маңызы жок сөздөрүн айтып жаткан кезде, Иран узак мөөнөттүү каршылыкты убада кылып, айбат көрсөтүүдө. Эл аралык аналитиктер муну “Иран кандын жытын алды, эми аны токтотуу мүмкүн эмес” деп баалашты.
Учурда Иран айланасындагы араб өлкөлөрүндө жайгашкан АКШнын аскердик базаларынын таш-талканын чыгарууда. Аны менен бирге Американын базаларына орун берип, өнөктөштүк мамиле курган өлкөлөрдүн дагы энергетикалык түзүмүнө сокку уруп, иштен чыгарууда.
Ал эми Америка менен анын өнөктөштөрүнүн абадан коргонуучу ракеталык системаларынын кору азайып, айлалары кетип жатат. Иран баарын көрүп турат. Ошондон улам, Ирандын куралдуу күчтөрү кийинки этапка өтүп, оор ракеталар менен сокку урууга киришти. Алар ар бир кийинки кадам мурункусунан катаал болорун айтууда.