www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-мартта Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйынында ант беришти. Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да катышып, жаңы дайындалган министрлерге өз каалоо-тилектерин айтты.

Ант берүү аземинен кийин президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ортосунда ар түрдүү суроо-жооп алмашкан баарлашуу болду. Бирок, бул жолугушууда мамлекеттик маанилүү маселелер дээрлик көтөрүлбөй калды. Эл өкүлдөрү көбүнчө жеке сунуштарын, арзыбаган маселелерди көтөрүшүп, жаш баланыкындай эмоционалдуу армандарын, президентке көрүнүп калайын деген максатта чындыкка анчейин коошпогон оркойгон кошоматтарын айтышты. Ал түгүл “депутаттарды эч ким сыйлабай калды, депутаттын статусун кайтарып бериңиз” деп ыйлактагандар чыкты. Деңгээли төмөн депутаттардын кадыр-баркын президент кантип көтөрүп берет? Ага анын мээси жеткен жок.

Бул көрүнүш коомчулуктун айрым катмарына таң калыштуу көрүнүш катары кабыл алынды.

Эксперттердин пикиринде, мындай жеке мүнөздөгү сунуштар менен президенттин убактысын алуунун зарылдыгы жок болчу. Ошентсе да, президент менен парламенттин ортосундагы баарлашуунун өзү, бийлик бутактарынын ортосундагы байланышты чыңдоого, балансты сактоого өбөлгө түзөт.

Тилекке каршы, мындай жыйналыштар негизинен көп учурда символикалык мүнөздө өтөт. Көпчүлүк депутаттар өздөрүнүн жеке мүдөөсүн билдирүү менен президенттин көңүлүн буруусуна арзууга аракет көрүшөт. Натыйжада, мамлекеттик стратегиялык маселелерге анчейин маани берилбей калат. Ошол себептен, коомдо элдин көйгөйүн айтпай жеке кызыкчылыгын айтышып кошомат кылышат деген иренжүү пайда болот.

Негизи президент жана депутаттардын баарлашуусунда позициялардын кагылышуусу, полемиканын курч өтүшү, көз караштардын ачык-айкын айтылышы укуктук, демократиялык өлкөдөгү мыйзамдуу көрүнүш катары каралат. Мындай процесс коомдук диалог үчүн маанилүү деп эсептелет.

Демек, кечээки жыйындагы жагдай өлкөнүн стратегиялык маселелерин чечүүгө түз таасир тийгизе турган бийик деңгээлде өткөн жок десек аша чапкандык болбойт.

Депутат өзү чеч турган маселени президентке жүктөп, жардам сураганы уят эле көрүнүш... 

Последние новости