www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Батыш райондук экинчи аскер соту "Крокус Сити Холлдогу" террордук чабуулга айыпталып жаткан төрт адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазды.

Тактап айтканда, Тажикстандын жарандары Далерджон Мирзоев, Саидакрам Рачабализод, Шамсиддин Фаридун жана Мухаммадсобиру Файзовга өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

Айыпталуучулар террордук чабуул жасоо, террористтик ишмердүүлүккө көмөктөшүү, террористтик ишмердүүлүктү жасоо максатында машыгуудан өтүү жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Сот ошондой эле алардын ар бирине 990 000 рубль айып пул салды. Алар жазаларын өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясында өтөшөт.

Андан тышкары, сот террордук чабуул боюнча дагы 11 айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратты, алар кылмыш жасагандардын жардамчылары болгондугу айтылды. 

Дагы төрт айыпталуучу 19 жыл 11 айдан 22,5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды.

"Крокус Сити Холлдогу" террордук чабуул 2024-жылдын 22-мартында болгон. Террористтер комплекске Piknik тобунун концерти пландалган учурда чабуул жасашкан. Алар Крокустун көрүүчүлөрүнө жана кызматкерлерине ок чыгарып, андан кийин концерт залын өрттөп жиберишкен. Натыйжада 150 адам каза болгон.

Кол салууга түздөн-түз катышкан төрт адам менен бирге алардын 15 шериги да айыпталган.

Ооганстандагы "Ислам мамлекетинин" филиалы болгон "Вилаят Хорасан" тобу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Владимир Путин террористтер Украинанын кызыкчылыгы үчүн иш-аракет кылган деп ырастаган.

Последние новости