www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Press TV телеканалынын маалыматына караганда, Ирактагы АКШнын аскердик базасына болгон чабуулдун кесепетинен 80 адам каза тапты. 

Телеканалдын Twitter баракчасына "Ирандын АКШнын базасына каршы ракеталык соккусунан улам 80 адам каза болду", — деп жарыяланды.

Эске сала кетсек, Press TV телеканалы Ирактын “Айн-аль-Асаддагы” АКШнын аскердик авиабазасына ракеталык чабуул жасаган видеосун жарыялаган. Ирандын Сакчылар корпусунун атайын багыттагы "Кудс" аскер бөлүгү Ирактагы АКШнын аскердик авиабазасына урулган сокку боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алып, муну алар “генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу” деп аташкан.

Ирандык Tansim агенттигинин маалыматына караганда, "Айн-аль-Асад" базасына 35тен ашык ракета багытталган. Бүгүн Трамп “баары жакшы” экендигин айтып, бул кадамга жооп эртең айтылаарын билдирген.

Булак:Nazar.News.kg

Последние новости