www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тилин тынбай шылдыңдап, калпагыбызды эл аралык деңгээлде келекелеп келген депутат Ирина Карамушкина 27-ноябрдагы парламенттин жыйынында эски адаты менен албууттанып, өлкө башчысына импичпент жарыялоо маселесин көтөрдү. Бул аракети өлкөдө олку-солку кырдаалды түзүү менен барабар да. Тынч жаткан элди козутуп, удургутуунун өзү туурабы? 2010-жылга чейинки митинг-акцияларда дал ушул Кармушкина дагы кыйкырып жүрүп толкутуп, ондогон кыргыз жигиттери шейит кетти. Эмне өзгөрдү? Карамушкина менен Атамбаевдин байыганы болбосо, карапайым калк итке минген бойдон эле калбадыбы?

Эми дагы соксоңдогон Карамушкинаны ээрчип, өлкөнү өрткө чулгап, ондогон жигиттерден айрылалыбы? Албетте, Жогорку Кеңеште дагы «кара мышыктардын» такымына таш толгоп, тыйып койчулар бар экен. Карамушкинаны ордуна коюп коюшту. Айтсак, депутат Азамат Арапбаев бул иш Алмазбек Атамбаевдин учурунда болгонун эстетип, Карамушкинаны 7 жылга кечигип калганын белгилесе, Алмазбек Токторов ажылдаган Карамушкинаны абийирсиз деп атап, эл менен депутаттык корпуска чагымчылдык кылбоого чакырды.

Булак: “De-facto”

Последние новости