www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азаюусун сөз кылды. 

«Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн кескин азаюусу жалпы аймак үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык кесепеттерге алып келет. Азыртадан мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты баштоо зарыл», — деп билдирди. 

Президент дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөр жылдан жылга жогорку даражага чыгып жатканын белгиледи.

«Азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын белгилеп жатышат. Биздин тоолордо аймактагы суу ресурстарынын 45% жаралат. Жакынкы убакта биз дарыялардагы суулардын деңгээлинин азаюусунун реалдуу көйгөйүнө туш болобуз.  Жыйынтыгында, бул Борбордук Азиянын экологиясына, биргелешкен экономикалык ишмердикке терс таасирин тийгизип, ири ГЭСтердин дарамети кыйла төмөндөйт», — дейт  Сооронбай Жээнбеков.

Муну менен катар,  мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты башташ керектигин белгиледи.

Эске салсак, бүтүндөй дүйнө өндүрүшүүнөн  чыккан зыяндуу газдардын кесепетинен,  климаттын   өзгөрүшүнө алып келүүдө.  Ал эми Кыргызстандын аймагындагы атмосферанын температурасы 0,8 градуска ысыганы байкалган. Мөңгүнүн ээришине мына ушул күндүн жылышы катуу таасирин тийгизүүдө дейт окумуштуулар.

Өлкө аймагында соңку 50 жылдан бери мөңгүлөрдүн көбөйгөнү байкалган эмес, мөңгүлөр кыскарып гана келүүдө. Учурда өлкөбүздөгү  Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн абалы оор. Ак-Шыйрак аймагында 436 чарчы метрде 165 мөңгү жайгашкан. Күндүн ысышына байланыштуу мөңгүлөрдүн аянтты 12,5 пайызга кыскарган.  Климаттын глобалдуу өзгөрүүсү мөңгүлөрдүн ээрип жок болушуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости