www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ирина Юрьевна, табып Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартуу боюнча бир топ жолу маселе көтөрдүңүз эле. Ал аракетиңизден натыйжа чыкчудайбы?

- Бүгүнкү күндө лицензиялоо жөнүндөгү мыйзам одоно бузулууда. Бирок, бул маселе 2016-жылдан бери көтөрүлүп келатканына карабастан, өзүн табып катары санаган Хашим Зайналиевдин бийликтин жогорку эшолонунда тааныштары барбы, айтор, лицензия жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуп, айыктырууга өтө кыйын болгон онкологиялык оорулууларды дарылаган. Ал «дарылаган» кишилердин арасында көз жумгандар бар. Эң акыркы эле бир мисалы, 5 жаштагы кызга укол сайып өлтүргөн. Бизде табыпчылык деген мыйзамда жок. Аны менен шугулдангандар мыйзам алдында жооп бериши керек. Анда эмне үчүн медициналык билими, диплому жок Зайналиев элди дарылап жатат? Ал эчак эле мыйзамсыз медициналык практика жүргүзгөнү, оорлуулардын өлүмүнө себепкер болгону үчүн жазаланышы керек болчу. Анын үстүнөн эч ким арыз жазган эмес, ошон үчүн ал жоопкерчиликке тартылган эмес дешет. Бирок, мыйзамды бузганы үчүн берене бар да? Ошол берене боюнча эле аны тизгиндеп коюшса болмок. Тилекке каршы, соттор сатылганбы, же жана мен айткаңдай, жогору жакта тааныштары барбы, жалган дарыгер бул жолу да жоопкерчиликтен кутулуп кетти. Азыр прецедент түзүлүп калды. Ким кааласа лицензиясы жок болсо деле дарыгерлик кыла берсе болот экен да.

- Ондон ашуун илимпоздор аны коргошконуна, кайрылуу жасашкандарына не дейсиз?

- Биздин академиялык бомондубуз: доценттер, илимдин кандидаттары аны жоопкерчиликтен бошотууну өтүнүп кат жазгандары - бул түркөйлүк, орто кылымдын көрүнүшү. Алар илимдин, интеллегенциянын, мыйзамдын көз карашы менен тескерисинче, президенттен «Зайналиев жоопко тартылсын» деп суранышы керек болчу. Ушундан улам мен эми ал катка кол койгон кишилердин кандидаттык да, докторлук да даражасы чын экенине ишенбей калдым. Кат сабаты жок, илимден алыс кишилер «билбей эле кол коюп койгом» деп айтса жарашат. Бирок, илимпоз кишилер ушинтип атышса... Эгер ушунчалык деңгээлде сабатсыз болушса, алар докторлук, кандидаттык даражага кантип ээ болушкан?

- Бул саламаттык сактоо министрлигинин күнөөсү дейсизби?

- Эгер биздин министрлик маселе көтөрүп, чара көрүлүшүн талап кылышканда мындай болбойт эле. Тилекке каршы, биздин «тиши жок» чиновниктерибиз эч кандай каршылык көрсөтпөй, баш ийкеп отуруп беришкен. «Биз сотторго таасир эте албайбыз» дешет. Орто кылымга мүнөздүү табыптык илимден үстөм келип, ал эми саламаттык сактоо министрлиги эчтеке кыла албаса, мындай министрликтин эмне кереги бар?!

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости