www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эзелтен эле алакандай жер үчүн керек болсо күч колдонуп келишкен. Бүгүнкү күндө да жер талашкандар жүздөп жүрөт соттошуп. Айрым “жер жуткучтар” түрмөгө кесилсе деле чыккан соң кайра эле көнгөн адатын карматышат.
Кимдер гана жерди ээлеп албады дейсиң? Чиновниктер, депутаттар, олигархтар, акимдер, айыл өкмөттөрү колунан келип турганда жерге сугун агытышып, ондогон гектар жерди өзүнө имерип алышты.
Жакында Сузактык (мурдагы депутат) Музаффар Исаков ушунун айынан жазага тартылды. Экс-депутат Карганбек Самаковдун да тагдыры жерден улам талкаланды. Бирок, ал башкаларга салыштырмалуу көп пайдалуу иштерди кыргызга кайрып берүүгөжетишти. Тилекке каршы анын кылган оң иштерине кызыккан бийлик өкүлдөрү болбоду. Арийне, жер чатагы боюнча дагы далай кишилердин буту капканга чабылат.
Көрсө, жерге ыйык мамиле кылуу зарылдыгы бекер жерден айтылбаптыр да. Эмнеси болсо жерге аяр мамиле жасайлы. Ансыз деле жердин түбүнө жетип койгондойбуз…
Булак: "Ачык сөз"