www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан шектүүлөр чыгып кеткени боюнча рекорд койдук окшойт. Керек болсо акчалуу кишилерди күч түзүмдөрүнүн лөктөрүөздөрү сылык-сыпаа узатып коюшат. Албетте, бекерге эмес шыбагасын алып туруп. Ошол эле Данияр Үсөновду кадимки бир генерал коштоп чыкканы боюнча далай ирет айтылган. Антсе да анын аки-чүкүсүн териштирген эч ким болбоду. Ошол каарман азыр деле ат тезегин кургатпай маалыматын берип жүрөт каадалуу кишидей болуп.
Минскиден жай тапкан Даникең болсо азыр Урицкий болуп өзгөрүп алыптыр деген каңшаар пайда болду. Аты да сонун экен Даниил деп. Капыстан берилген суроого болсо хохма жообу дүң этти. Көрсө сыртынан тон бычылып узак мөөнөткө кесилген Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзиядан мерт кетиптир. Аны да ушул Урицкий оозу-мурду кыйшайбай туруп айтып берди.
Ушундан улам суроо жаралат:
-Эмнеге биздин оперлер ошол фактыны тастыктоого кам көрүшпөйт? Болгондо да өкмөттү башкарган адам дүйнөдөн өтүп жатса тим жатканыбыз туура эмес го? Жакшы ит жоголсо деле издеп каларыбыз жалганбы? Ага караганда кара башыл адам өлүп жатпайбы? Эмнеси болсо да кайдыгерликке барбоого мезгил жетти. Прокуратура Малайзияга керектүү кагаздарын жөнөтсүн. Ошондо Д. Үсөновдун өлүү же тирүү экени билинет. Ал эми белорустун жараны Д. Урицкийге баалуу маалыматы үчүн алкыш айтышыбыз керек, же натуура болуп калабы?
Булак: "Ачык сөз"