www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүмдөн сактаган кайырчынын батасы

Ооба, бул жалганда сом негизги ролду ойносо, тиги чын дүйнөдө сооп иш чоң роль ойноору көп айтылат. Андыктан бул жалган жашоодо сооп таап калганга аракет кылган, адам баласы үчүн негизги максат болгону жөндүү.

Бир күнү периште Аман молдого айтат:

-Тетиге дүкөнгө кирип бара жаткан баланын жашоосу эки күндөн кийин бүтөт. Ичээр суусу аз калды-деп. Аман молдо дүкөнгө кирип бара жаткан баланы аянычтуу көз карашы менен караган бойдон калат.

Бирок, ал балага барып айтууга да болбойт. Кантип айтмак эле “сенин өмүрүң аз калды” деп. Андай жаман кабарды айтуу да адамдык сапатка жатпайт эмеспи.

Бирок, баягы периште айткан бала арадан он күн өтсө дагы эч нерсе болбогондой жашоо сапарын улап жүргөнүн көрүп, ушунчалыык таң калат. Анан бир күнү адатынча периште жанына келип калганда андан сурайт:

-Периште, мен ойлодум эле, адамдар пендечилик кылып калп айтып коюшат деп. Көрсө периште болуп туруп сен дагы калпты айтарыңды билбептирмин-дейт. Периште Аман молдону таң кала карап:

-Молдоке, мен эмне деп, сага калп айттым?-дегенде, Аман молдо периштени суроосун азга жоопсуз калтырып:

-Сиз мындан он күн илгери ал турсун андан ашык убакыт болду, дүкөнгө кирип бара жаткан баланы көргөзүп “эки күндүк жашоосу калды” деп айттыңыз эле. Бирок ал бала азыр дале жашап жүрөт го? Бул эми калп айтканга жатат го? Периште бул айтылган сөздү укканда, Аман молдонун таасын айткан кебин угуп, башын ийкеп:

-Молдоке, ал айтканымды моюнга алам. Менин айтканым да туура. Бирок, ал бала ошол кезде дүкөнгө кирип соода кылып чыгып келе жатып, кайырчыга садага катары он сом берип  койду, Ал эми кайырчы бата берди. Кайырчы берген бата келе жаткан кырсыкты тосуп койду да, тиги бала кырсыктан алыс болуп, жашоосу уланып жатат. Айткандай чын ниеттен берилген садага ар-кандай кырсыктан адамды сактап турат. Бул улуу Жараткандын буйругу. Андыктан акчаны ачкыл сууга короткон кайырчыга эмес, чындап кыйналган адамга кайыр садага бергендин сообу чоң. Айтмакчы, садаганы дагы мактаныч үчүн эмес, Алланын ыраазычылыгы үчүн бериш керек. Кандай адам Аллага жагат, көп кишиге жардам берип, көп кишинин ыраазычылыгын алган адам. Жардам бер, бирок аны айтып мактанган болбойт. Кээ бир жакшы адамдар кыйналып турган кишилерге жардам берет, бирок, кайра оозуна алы келбей мактанып айтып алышып, кылган сооп иштерин бир ооз сөз менен жууп салышат. Оң колуң менен берген нерсени, сол колуң  билбей калганы оң.

Андыктан, молдоке, тиги баланын эми өмүрү узун болот, себеби, билинбегени менен жарыбаган акчаны кайырчыга берип, өзүнө чоң сооп таап алды-деп айтканда, Аман молдо туура айтылган сөзгө муюп, садага бергендин сообу чоң экенине дагы бир жолу ынанды.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости