www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү жазуучу Керимбаев Кадырбек өзүнүн Фейсбук баракчасына учурда түзүлүп жаткан кырдаал боюнча төмөнкүдөй ой-пикирин жазган. - АША Сокени тактыга "сүйрөп" келатканда 2010 жылдан кийинки бийликке аралашкандар жардам берип,эч нерсесин аяган эмес. "Тизмегейтте"ким канча кошкону турат. Бирок, Соке алардын үмүтүн актай албады.АШАдан "развод" алганы менен чабалдыгын бүткүл эл көрүп турат. ТЭЦ тен кийин, мурдакылардын кыңыр иштери өзүнөн-өзү, эбеп себептер менен ачыла баштады. Минтип отурса 2010-жылдагы окуялар казыла турганын түшүнгөн шүмшүктөр Сокени Теке менен тез аранын ичинде алмаштырабыз деген аракетти көрө баштагандай....

Курултайга башынан эч тиешеси жок. Бекназаров кимдерди чогултканын билесиңер. Кечээ Текенин алтымыш жылдыгын ресторанда өткөзүп, ТЕКЕ пиарга старт берилди. Чындыгында бир эле АША эмес, көбүнүн көчүгү шакмар. Аны жапканга Сокенин чамасы чак. Жараса ТЕКЕге окшогон, чоогу аралашкан суукуйду жарайт. Мындан ары ТЕКЕпиар текши жүрө баштайт. Анан Азимбек айткан ажолор ашып өтө элек 61 жаш Сокени жолго салат. Же Текенин колуна куурчак катары кармата салышат. Кудалары, бир туугандары деле кошо ушул вариантты колдошот. Булардын өздөрүнүн арасында булганычтары бар да. Кыскасы, кыргыз мамлекетин талап жеген жору кузгундар Текенин тегерегине биригип, баардык балээни шермендеси чыгып турган АШАнын мойнуна арта салышканы турат окшойт.

Эми тиги -«кетсем эскилердин көбүн ала кетем»,- деген эргул да тынч жатпас. Кеңештин төрагасы барганына, Соке өзү телефон чалганына карганда, АША менен Текени жараштырабыз деген аракет байкалат. Тынчтык болгону жакшы. Бирок карапайым калк үчүн булардын шоусунан не пайда?! Булар Отунбаева айткандай, «революциялык жол менен» келишиптир», демократияны өркүндөтүп» жатышыптыр. Жасаган иштери үчүн жооп бербейт экен. «Революция спишеть» болуптур. Эл эмне дейт, эл эмне болуп жатат, - деп ойлоп койгон бирөө жоктой.......

Шайлоо болсо... акчабыз бар...добуш чөнтөктө деген ишеним азыркы манаптарда күч. Жээнбеков эч бир сунушту кабыл албай, эч нерсе өзгөрүлбөйт - деп аларга дем күч берип койду. Ушулардын амандыгын кудайдан тилеп отура беребизби? Ойуңарды айткыла.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости