www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиев тергөө бүткөнгө чейин эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди. Табыптын бөгөт чарасын 24-декабрда Октябрь райондук соту карап, камоо чечимин чыгарды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган. 22-декабрда кармалган Зайналиевге мындан башка да беренелер боюнча кылмыш иши ачылышы кабарлаган. Ал дарылап жаткан үйдөн дары чөптөр экспертизага алынды.

Журналист Бейшенбек Бекешов Зайналиевге "2016-жылы бирөөдөн акча алдап алды" деген айып да коюлуп жатканын, бирок "акча бердим" деген кишини табып тааныбай турганын айткан болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандары болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости