www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ишкердик субъектилерди каржылоо" мамлекеттик программасынын алкагында өлкө боюнча 2,3 миң ишкер жалпысынан 3 миллиард 7 миллион сом насыя алышты. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Кредиттин максаты — коронавирус тараган шартта экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү, ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүү.

Программаны ишке ашырууга Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга 3 миллиард 794 миллион 400 миң сом берилген.

Кредит алгандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу биринчи орунда турат. Бул аймакта 502 ишкер финансылык колдоо алган. Экинчи орунда Чүй облусу (468 киши), үчүнчүнү Ысык-Көл облусу (325) ээледи.

Эң аз насыя алгандар (60 киши) Ош шаарында катталды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости