www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча эмнеге министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты? Саясый оюн жокпу? Алсак, Свердлов РИИБ жетекчиси, Бишкек ШИИБ начальниги Ногойбаев жана министрдин орун басарлары бар. ИИМдин аброюна шек келтирген ушулардын жоопкерчилиги каралыш керек да, туурабы? Дароо эле Улан Ниязбековго асылуунун артында буюртма, бузукулук жаткан жокпу? Кандай болгон күндө да калыстык керек го?”

- Бүгүнкү күндө 13 жашар кызды зордуктоо боюнча соттук териштирүү болуп атат. Соттук иш аягына чейин дыкат иликтенип, күнөөлүүлөр аныкталып, чыныгы зордукталган болсо, анда милиция кызматкерлери мыйзамдуу түрдө катуу жазасын алып, жоопко тартылышы керек.

Экинчиден, ал жерде Улан Ниязбековдун эч кандай күнөөсү жок. Дегеле министрди отставкага кетирүү талабы коюлбаш керек. Бу жерде кызды зордуктаган милициянын жеке жоопкерчилиги болуп жатпайбы.

Бизде бир кызык жагдайлар болууда. Алсак, эки кошуна чырдашып кетсе деле министр күнөөлүү, тоок уурдалса деле министр күнөөлүү. Андай болбош керек да. Ар бир аймакты, районду, облусту карай турган, көзөмөл кылган күч органдары бар. Алардын баштапкы жетекчилери деген болот. Эмне алар текей терип жүрүшөбү?

Министр деген мамлекеттик деңгээлдеги иштерди тескей турган жетекчи. 13 жашар кыздын зордукталганын шылтоо кылып, аны саясатташтырып, министрдин отставкага кетүү талабын колдобойм, бул менин сөзүмдүн аныгы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости