www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусу өтүүдө.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз сөзүндө аймактагы мамлекеттерде ички саясий абалды туруксуздаштырууга сырттан аракеттер жасалып жатканын четке каккан жок. Аларга каршы туруу үчүн чечкиндүүлүк жана биримдик керек. Чыр-чатактар Борбордук Азиянын чегинен тышкары Евразия мейкиндигине да терс таасирин тийгизүүдө.
«Күчтүү коопсуздук системасы болушу керек. Биз биргелешип аймак туруктуулуктун жана ишенимдин зонасы бойдон калуусун камсыз кылышыбыз керек. Биз саясий жана дипломатиялык кызматташтыкты активдештирүүнү жана чыңдоону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга объективдүү талдоо жүргүзүү зарыл. Тышкы иштер министрлигине коопсуздук чараларын ишке ашыруу боюнча эки жылдык мөөнөткө жол картасын иштеп чыгууну тапшырууну сунуштайм.
Трансулуттук байланыштарды чыңдоо жөнүндө ойлонууну жана биз тең салмактуу, калыс жана ишенимдүү маалыматтык саясат жүргүзө алышыбыз үчүн ЖМКнын катышуусунда медиа форум өткөрүүнү сунуштайм», - деди Сердар Бердымухамедов.
Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев Түркмөнстандын лидеринин сөзүн колдоду. Ал бүтүндөй аймактын тынчтыгы, стабилдүүлүгү жана гүлдөп-өнүгүшү Борбор Азиядагы бардык мамлекеттерден көз каранды экенин белгилеп, тышкы коркунучтардын алдын алуу үчүн мамлекеттерди биригип, активдүү кызматташууга чакырды. Шавкат Мирзиёев кесиптештерине эл аралык оор кырдаалды эске салып, цивилизациялуу диалог форматы бузулганын баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg