www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы коомдук-саясий кризистин тереңдешинен улам, андан чыгуунун жолу туурасында “Кыргыз жолу” коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев өз сунушун NazarNews.kgге билдирди.

- Кыргызстандын Мамлекеттик башкаруу түзүлүшүн түпкүлүктүү кыргыз элинин табиятына ылайык, заманбап жаңылоо-учурдун кечиктирилгис талаптарынан болуп калды. КРнын Жогорку Кеңеши-өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу бийлиги эсептелип 120 депутаттан турарын билебиз.

Сунуш: Эки ыйгарым укукту бөлүү керек.Өкүлчүлүктүү органды Курултай деп атоо, ал эми Мыйзам чыгаруу ишин 70 депутаттан ашпаган Мыйзам чыгаруу жыйынына ыйгаруу жагы жаңы Конституцияда каралса. Ал эми Аткаруу бийлигинин башында бир кол Президент турса, өлкө башчы, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы, Конституциянын кепили катары жоопкерчиликти алса тартип да, иш да алга жылмак. Премьер-министр кызматын жойуп салган туура болот. Килейген АКШ деле ушундай эле система эң сонун иштеп жатат. Сот бийлиги эч бир бийлик бутагына көз каранды болбош үчүн анын 9 адамдан турган Төр кеңешин жана төрагасын Курултай шайлашы зарыл. Ошондо гана Сот бийлиги Курултай алдында гана жоопкер болот. Таза шайлоо болушу үчүн БШКнын толук курамын да Курултай бекитиши зарыл. Бир адам каалагандай калчай бербесин, элдик бийлик, адилеттик орносун десек, ушундай кадамдарга барбасак болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости