www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Хатлон облусунун соту Абдурахмон Жоми районунун тургуну, 58 жаштагы Хожара Ашурованы үч жаштагы небересин өлтүргөнү үчүн 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" билдирген.

Бул окуя быйыл 12-сентябрда Абдурахмон Жоми районунун Навобод кыштагында болгон.

Хожара Ашурова үч жашар небересин жаны бар кезинде эле көөмп, бирок ал али кыймылдап жатканын көргөндөн кийин өлтүргөн. Жаш баланын денеси алты күндөн кийин табылган.

Ал эми тергөө учурунда Хожара Ашурова небересин өз келинин жек көргөнүнөн улам өлтүргөнүн моюнга алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости