www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада жашап иштеп калган кыргыз мекендештер учурда оор кырдаалды чет жерде башынан кечирип жаткан учуру. Ал эми мигранттар ушундай оор кырдаалда Кыргызстан да өзүн мамлекет катары сезип, стратегиялык өнөктөшү Орусияга гуманитардык жардам берүүсү керек деп ойлошот. Бул тууралуу Кадырбек Эшмурзаев Масквадагы катын коомчулукка жарыялады.

"Коронавирус пандемиясы азыркы учурда Орусияны өтө катуу түйшүккө салды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 115 миңге жетип, эпидемиянын очогу болгон Москва шаарында 60 миңге чукулдады. Бир айдан бери Москва шаарында элүү чакты дарыканага баш бактым, биринде да беткап жок, дарыканадан беткап сурагандар аябай көп. Москвада беткап таңсыктыгы аябай күч. Кыргызстанда Орусияга караганда эпидемиялогиялык абал кыйла дурус. Айырмасы ат менен төөдөй.

Ушундай кырдаалда Кыргызстан да өзүн мамлекет катары сезип, стратегиялык өнөктөшү өлкөгө гуманитардык жардам берүүсү керек. Өлкөгө өтө зарыл болгон - беткаптан 500-600 миңби, колдон келишинче жөнөтсө жакшы болмок.

Жардам сураганды да, жардам бергенди да билишибиз абзел. Башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүп, дипломатиялык мамиле түзгөндү үйрөнүшүбүз зарыл.

Газды алгыла, алтынды алгыла, абсолюттук түрдө эч нерсеге жараксызбыз деп, кол көтөрүп тура бергенибиз жарабайт", - деген Кадырбек Эшмурзаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости