www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Кубанычбек Кадыров кызыктуу бир окуяны жергиликтүү басылмалардын бирине айтып бериптир.

Анда ал ага убагында президент Атамбаев кайрылып, төрт саясатчыны жок кылуу үчүн киллер таап берүүсүн өтүнгөн экен. Ошондой эле ал Саймаитинин өлүмүнө мурдагы президенттин тиешеси бар болушу керек деген ойду карманарын билдирди. Анда ал “Түркияда Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү коомду дүрбөлөңгө салды. Себеби анын өлүмү миллиондордун изин жашырып жатат. Мисалы, өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу маалыматты ким жашырууга аракет кылат? Атамбаевден сырткары кимдин кызыкчылыгы болушу мүмкүн?”- деген ал.

Ошондой эле Айеркен Саймаитинин өлүмүнө Атамбаевдин тиешеси бар деп ойлоого аны башка фактылар дагы түртмөлөп жаткандыгын кошумчалаган. “Мага бир жолу Атамбаев кайрылып, төрт адамды жок кылуу керек, киллер таап бере аласыңбы? Акча бар деген эле. Анын тизмесиндеги адамдардын бири Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков болгон” – дейт Кадырбеков.

Андан сырткары, эгерде анын сөзү калп болсо ал полиграфтан өтүүгө даяр экендигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кадыров мурдагы орган кызматкери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин убагында “бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасоо” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган болчу. Ушул жылдын 12-февралында боштондукка чыккан. Андыктан, анын мындай билдирүүсүнүн канчалык чындыгы бар белгисиз.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости