www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өлбөс-өчпөс” ортомчулар

Өкмөттүн желмогуз сыпатталган коррупциядан тазаланыбыз деп жеңин түрүп шымаланып алып, премьерди алдыга коюп, таскактап бараткандай түс көрсөтүп келгенин ирмем сайын көрүп келебиз. Анттик, минттик... сулуу сөздөр да жаандан кийинки козу карындардай көбөйүп... Ооба, бираз болсо да коррупция коркуп калгандай кетенчиктемиш болгону саал-саал байкалып туруп байкалбайт. Ошол эле кезде “крокодилдер” ач калбайт да, башка бир чийимдерди издеп, ишке ашырышып, кудайга шүгүр “өлбөй-өчпөй” эле жашап келишет мыйыгынан Абылгазиевге жана Жээнбековго “силер күрөшсөңөр, биз эмне уктап жатыптырбызбы?” дегендей түсүн көрсөтүшүп.

Мисалга, унааларды каттоо жана айдоочуларга күбөлүктөрдү берүүчү коррупциялык мекеменин башчысын парасы башкасы менен кармап алып, сотко апарып, камап, анан качырып ийишип баштары катып турганда... бул мекемеге “Унаа” деген жаңы калпак кийгизишип, “мына, эми баары автоматташтырылды, чычкан өтпөйт “ деп узун элге жар кылышкан.Анын үстүнө Бишкекте туруп эле эч кыйналбай унааңы каттап алсаң да болот дешкенинен эл тебетейин деле көккө ыргытып ийген. Чынында ошондой.

Бирок, “крокодил дегениң Кыргызстанда да крокодил”...Демек, курсакты керектүү витаминдер менен толтуруу үчүн ал кандай ыкмаларды ойлоп табат жана ишке ашырат. “Бовосо” өлүп калбайбы байкуш. Ооба, ошондо кайрадан ортомчулук дегени калкып чыккан сыягы. Ал тээ мурунтан бери эле келаткан бир чийим. Аны көчөдөн келген бирөө ойлоп таппайт, жасабайт. Баары кудум ушул “Унаанан” ичинде, тагыраагы анын башчылары аркылуу гана жүзүн чайат.

Ишенбесеңер , акырын барып, ошол имаратка жакындап көргүлө да,колуңарга кагаз-магазыңарды кармап алгыла. Шол замат “И, байке, каттоо керекпи, алеки саатта, акысы 4600 сом” деп колтуктан алат. Оболу ишенбөөчүлүк менен карайсың да, кирип кетесиң 2000 сом менен эле бүтөт, баары автоматтыштырылган го” дейсиң. Жок,анан башталат жанагы баш-аяксыз кезектер, бул терезеден анысына кезек күтүп жүгүрүү.. убакыт өтөт берет... Ошондо жанагы ортомчу эске түшүп, сыртка чыга каласың да айтканын колуна карматып , бопоросту түтөтүп турасың тиги “байкуштардын” жан далбасына көз салып. Жашоо-керемет да, алеки саатта тиги ортомчу сенин ишиңи 100 пайызга бажарып, баарын колуңа кармата салат. Тим эле сыйкырчыдай тура деп ойлоп койосуң....Пара бергениңи унутуп, колун жылуу кысып, чоң ракматтан арнап илкий басып кете бересиң. Анан ФБга кирип туруп, коррупция тууралуу, паракорчулук тууралуу жазасың.. бирок өзүм дегенде ийненин көзүнөн өтүп кеткениңи таптакыр унутуп саласың...

Ооба, “Унаада “ атайын ортомчулардын тобу кабагым кашым дебестен иштеп, “Унаадагыларды” да, өздөрүн да ыраазы кылышып келишет. Аларга баары бир. Булар “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөндөрдөн” Эч кимдин күчү жетпейт.

Кимде ким бул ойду натуура деп эсептесе, мына ушул “өлбөс-өчпөс ортомчулар” менен салгылашып көрсүн... Бекер кеп... алага эч кимдин тиши өтпөйт. Эч качан...Президенттин да, премьердин да.. башканын да...Ошон үчүн алар ортодогу “чуулар же “далдалчылар”...колунан кармап алсаң да, тиги ич тараптагы “жегич унаачыларды” сатышпайт...Бермуд үч бурчтугунун эле өзү...

Саатын жебеси токтобой соккондой эле бул ортомчулардын таштары өйдө кулап, алардын “алтын доорунун” токтой турган түрү жоктой.... Алыбызга карата Алыбай бололу да бул “өлбөс-өчпөстөргө”-Жашасын ортомчулар! – деп гана айткыбыз келди...Анан дагы не демекчибиз?

Калдар Шерматов 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости