www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз элине ак кызматын кылганына карабастан “үйүрүнөн” чыккан адамайбандардын дооматынан жапа чеккен Исхак Раззаковду өлкөдөн “айдап салуу” операциясын Москвадагы бийлик оңой эле ишке ашырып койду. Иш берилгени менен мекенине болгон кусалыгынан санаага чөккөн улуттук лидердин мурдагы тилектери орундалбай калганына ичи ачышкан Раззаковдун амалынын бири да аткарылбады. Үзөңгүлөштөрүнөн сокку жеген адамдын кантип актанууга дити бармак эле? Эгерде актана турган болсо: - “Анда неге өз элиңин мыктылары сени өгөйлөштү, өстүрүшкөн жок”- деп терең жагдайды билбеген жетекчилер Исхактын өзүн жарга такашмак. Бүткүл кайгысын, арманын ичине катып кеткен бир боорубуздун сөөгү орус жергесине коюлуп да калган болчу.

Анан кудай жалгап, эгемендик келип, элдин көкүрөгүндөгү кептери ачык айтылып, акырында анын сөөгүн борборубузга алып келип тынчтандыра жаткырууга жетиштик. Бул да болсо ак эмгектин үзүрү, мекенчилдиктин белгиси катары бааланды. Аттиң, кыйшык көзгө илинбесе, жүрөгү мокок бычак менен тилинбесе ардакталып, даңкталып сөөгү бөтөн жерде муздабай өзүбүздө берилмек. Кашайгырдыкы, дайыма эле окуянын артында калчу болдук.

Асыл адамдан азыр жалгыз кызы Элмира калды. Ал да Москвада оорулуу уулу менен кароосуз калганын билгендер айтып калышат. Тилекке каршы анчалык үзүлүп түшкөн деле эч ким жок. Атасынын арманын өткөндө учкай кызы айтыптыр, атам аргасы кеткенде Өзбекстандын бир айылына деле болсо уруксат бергилечи жашаганга деп кайрылса жоопсуз калтырышыптыр билермандар деп.

Жок дегенде ошол жерден Кыргызстандын үлп эткен авасын жыттап өлөйүн десе керек кайран киши. Жарым жылдан кийин Исхак Раззаков 110 жашка толот. Бирок, шайлоонун шарапаты кайрадан тоскоол болбосо экен деп тилеп жатабыз. Теңир сүйгөн кишинин жылдызы ушул ирет өчпөстүр деген ишенимде сөздү токтото туралы. Калганын мезгил айгинелейт.

Ж. Улукшер

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости