www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрдө АКШ тарабынан уюштурулган же алар колдогон ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүштөр Боливияда да ийгиликтүү болду. Америкалыктар Венесуэладагы төңкөрүштө да реванш алышкан. Иранда, Гонконгдо массалык баш аламандыктар болууда. Себеп ар түрдүү. Бир гана жалпылык бар: бардык жерде Американын кулагы көрүнүүдө.

Ошентип, күзгү революциялык толкун Кыргызстанды да каптоого даяр. Бул жердеги төңкөрүштүн Америкага эмне кереги бар? Себеп көп. Америкалыктар алардын кызыкчылыктарын четке каккандарды эч качан кечирбейт. “Манас” аэропортунан америкалык базанын чыгарылышы менен Кыргызстан дүйнөнүн улуу державасынан  (алар өздөрүн ушинтип эсептешет) кантип коркпой, укпай коюунун жакшы мисалын көрсөттү.

АКШнын таңуулаган саясатын кабыл алып, 2015-жылдагы токтотулган келишим үчүн кыргыз бийлигин ийкемдүү болушу, андан да жакшысы бийликтин алмаштырылышы –АКШнын максаты.

Жана албетте, Американы канчалык чизбургер менен курсагын тойгозсоң да Орусияга бурулган  көңүл аларды иренжитет. Бишкек менен Москванын алакасы канчалык жакын болсо, Вашингтон үчүн ошончолук жагымсыз. Ал эми учурдагы президент Жээнбеков АКШнын жана  Батыш Европанын басымына карабай Орусия менен мамилени чыңдоодо.

Андыктан, төңкөрүш үчүн себеп жетиштүү. Каршылыктар үчүн шылтоо ар дайым табылат! Каргыш тийгир коррупция!  Нормалдуу адам сөзсүз коррупция менен күрөшөт да!

Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн башкы инсандар америкалыктар болуп чыга келишти.

Бийликке болгон маалыматтык чабуул 20-ноябрдан 21ине караган түндө башталды.

Эмнегедир бул артиллериялык даярдыкта снаряд катары “Азаттык” радиосу, “Клооп” интернет-басылмасы жана эл аралык OCCRP – уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү долбоорунун кызматкерлери биргеликте даярдаган журналистикалык иликтөөсү колдонулду. Эгерде жогоруда аталган уюмдар америкалыктардыкы болбогондо, алардын кызыкчылыгын көздөбөгөндө башкача болмок.

Мисалы, “Азаттык” радиосу АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Свобода” радиосунун филиалы. “Клооп” да Батыш гранттарынын эсебинен каржыланат.  OCCRP кызыктуу уюм, басымдуу бөлүгү АКШ агенттигинин эл аралык өнүгүү уюму (USAID) каржыласа, анын демөөрчүлөрүнүн арасында Сорос фонду да бар.

Ушул эле уюмдарга “Азаттык” радиосу менен биргелешкен “Америка үнү” деп аталган пропагандалык телеканал да кошулган.

Дал ушул каналдын Украинадагы төңкөрүшкө да катышы бар. Бул басылмалардын баары бир эле теманы чагылдырышкан. Сөз Орто Азия менен Кыргызстандагы коррупциялык схема боюнча болуп, теманын каарманы 10-ноябрда Стамбулда атып өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити аттуу качкын бизнесмен жөнүндө болот.  Ал ушул жылдын май айында 700 миллион доллардык криминалдык схеманы айтып берген .

Авторлор жүргүзгөн иликтөөлөрдүн документтерин дал ошол Саймаити бергендигин айтышат. Качкын бизнесмен Саймаитинин кантип кокусунан эле ачылып, чачылып  ушул темада айтып, документтерди аларга бергени кызык. Саймаити өз иштери, өнөктөштөрү жөнүндө айтып, Райымбек Матраимов тууралуу да маалымат берген.

Украинада, Латын Америка өлкөлөрүндөгү жана Кыргызстандагы төңкөрүштөрдүн сценарийлери бирдей. Дал ушундай сценарий аркылуу Ирак, Ливия жана Сирия талкаланган. Югославия чачырандыланып, жүз миңдеген тынч калк каза болушкан.

Биз, кыргызстандыктар да ушуну каалайбызбы?

Алгач Текебаев, Атамбаев жана азыркы бийликтин тарапташтары топ-тобу менен кырылышат, андан соң Бакиевчилер көтөрүлөт. Жердеш болуп, ага кошумча диндик көз караштын чыр-чатактары...

Мындан ары мындай иш-аракеттердин улантылышына жол бербөө керек. Эгер ушул темп менен кетсе элестетиш кыйын...

Ал эми Кыргызстандын жаштары  маалыматтык чабуулдун курмандыгына айланышууда. Азыр эле митингдерге чыгууга даяр....Кимдир бирөөлөр үчүн бул акыркысы болушу мүмкүн.

Маалымат delo.kg сайтынан кыргызчаланды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости