www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул кепти биз эмес кадимки сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн А. Жапаров айтты. Көрсө ал деле билими жоктор, бизнестин ичегисине кан куйгандар, дөңбайлар, ала көөдөндөр парламентке келип алганын жакшы билет экен. Ал тургай өзү президентке эчен ирет кат менен кайрылып, ошол маанилүү кеңеш, сунуштары суу кечпей калганын шайлоо жакындаганда тыңсынып шилтеп калды “Азаттыктын” эфиринен пайдаланып. Чамасы сонун түзүлгөн жагдайды кур нерсеге кетирүүнү колдон чыгарууга болбосун туйду окшойт. Анткени сезимталдыгы жагынан анын алдына ким чыга алмак эле? Улуу мартабалуу ажонун учурунда деле бул киши кошоматтыктын үлгүсүн башкаларга көрсөтүп койгон. Анан кайсыл бийлик келбесин ал мартабалуу адамдын колуна суу куйуп, керек маалда пахта койгонго уста болуп бүткөн да, кокуйгүн.

Акыйкатына келсек экинчи төңкөрүштөн кийин партиялардын багы жанып, кадрларды акылына эмес калтасындагы акчасына карап кызмат берип калганы абдан өнүктү. Өнүкмөк түгүл шайкалары деле, маңкалары деле бир министрликти же областы шып этип илип алып жүргөнү боюнча каңшаарларды дем чыгарбай жети саат айтса болот. Бирок, ошолордун бири да куурай башын сындырбай эле салабаттуу басып, сүткө тилин күйгүзүп, чоркоктугун билгизип, лидерлерге суук кебин жабыштырып жүрүп маал-маалы менен кызматтан сүрүлүп турушту. Азыркы учурда деле фракциядан “жети айлык” болуп жаралган кадрлар отурушат эки жагын элеңдеп карап. Кыскасын айтканда өндүрүштүн абалын билүүгө дарамети жетпеген, антсе да кызматынан кетпеген, жалаң алууну чектеген “мыктылар” тизилип ири кызматтарда отурган кези. Майлуу устуканды көргөндө шилекейин агызган, шыбага алар убакта чап кенедей жабышкан партиянын көзөлдөрү уялбай этпей эле өкмөттүн башчысына бул министрдин орду биздин эсепте деп туруп парламенттик жыйындарда уруп түшүп жатканы айдан ачык байкалып турганы чын эмеспи?

Ошондо кабелтең кадрлар көмүскөдө калып, ырбайган, тыржайган, мээси толук болбогон, көрөңгөсү жок эптегичтер чоң кызматтарга татыктуу болгону жанды кашайтып жатканын жалпы коомчулук көрүп турса да күчү эч нерсеге жетпей кейигенден башкага чамасы келбегенин кантип нормалдуу деп эсептөөгө болсун? Ишине, кабыл алган чечимдерине шайкеш келбеген мажирөө, арканды алыска таштай албаган парламентти ошондой оркойгон кемчиликтери үчүн жалпы калк колдоого албай кетсин дегени туура экенин өздөрү да таналбай турушат эл өкүлдөрү. Өзүм дегенде өкүрөңдөгөн, элге ныпым пайдасын тийгизбеген, өлөсөл болгон парламентти тез арада “согумга” жаратпаса болбой калды сыягы. Жаалдуу депутаттар аз болгондуктан, үстүдөгү кожоюндарга ыктап оокатын кылгандар басымдуу экенинен улам алтынчы чакырылыштын парламенти эң начар деген баага татыды. Булар элди тойгузду, чыласы кокого жетти, демек тарашы керек деген ачуу кепти көчөдөн жолуккан ар бир киши айтып калганы жөн жерден эместир. Кагылган коңгуроонун добушуна булар кулак салгысы келбесе деле “казандагы шорпо” барактап кайнап төгүлө баштаганда парламенттегилер кокуйлап өздөрү “кемеден” качкан келемиштин кейпинде болушаарына аз калды. Биринчилерден болуп сайда саны жок, ичинде таптакыр даны жок, бирөөгө жарыгы тийбеген депутаттар, артынан арга жок мезгилде спикер болуп келип калган киши тайгаланып, дөңкөйүп безип кетерине деле күмөнүбүз калбады…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости