www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Амалкөй аялдар кантип жаралат? Алардын жаралышы эрлеринин эрендигине жараша экенин турмуштан далай эле көрдүк. Маселен, тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин көрөр көзү Майрашка апчебиздин өлкөдөгү таасирин билбегендер өтө эле аз. Ошондогу атка минерлер кызмат маселесин ажого айтпай эле ханайымдын капчыгы аркылуу чечип калышканы боюнча узун жомоктор токулган. Министрлердин, губернаторлордун, ректорлордун, мэрлердин, акимдердин “ставкаларын” аппарат башчы менен Дүйшөновна белгилеп, ченеп койгонун азыр деле жантыгынан жата калып айтып берчүлөр толтура. Албетте, Осмонакундан, лаборанттан башкасы. Ал эми “Мээрим” балдар фондуна акча которгондор тууралуу азыр деле чукуса маалыматтар чыгат. Айтор, балыктын башынан сасый турганын Майрам апчебиз тастыктап берген.

Алар сыртка чыгып кеткенден кийин анчалык мааниге ээ болушпаса да сөөмчөлүк иштерди ийге келтирип байып кеткен айымдар жүздөп саналат. Азыр парламентте отурган Динара Исаеванын, Текебаевдин аялы Айгүлдүн, Чолпон Султанбекованын, Махабат Мавлянованын дагы башка эпчил айымдардын кыймылсыз мүлктөрү миллиондорду чапчыйт десек ким макул болбойт? Аскар Шадиевдин, Икрамжан Илмияновдун, Зилалиевдин аялдарына катталган мүлктөр сан жеткис. Ушулардын ичине Раим Матраимовдун жан шериги Уулканды неге кошпойбуз? Ал качан бел оорутуп, кол жоорутуп байлыкты көңтөрүп алды эле? Туркиядагы беш кабат элитный үйдү салууга баш оорутпай эле элдин эсебинен кымтылган каражатты жумшады десек натуура болуп калабы? Жок эй. Ошентип азыр эрлеринин жогорку кызматынан, шылуундугунан улам манчыркап бай болгон аялдарды санасаң манжаларың тешилип кетет. Биз учкай эсибизге келгендерин гана тизмеледик. Эгерде кошумчаңар болсо бизге тартынбай эле кайрылгыла, майлиби?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости