www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште республикалык бюжеттин долбоору каралып жатканда билдирди.
Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов көтөрүп, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинен 50 орундуу бала-бакча курууга канча акча кетээрин сурады. Аталган агенттиктин жетекчисинин берген жообуна ынансак, учурда 50 орундуу бир бала-бакча куруу үчүн 28 миллион сом акча жумашалат. Ал эми депутаттын айтымында, бир мезгилдери менчиктештирилип, андан соң сатылып кеткен бала-бакчаны азыркы ээлери 30-35 сотых жери менен 4 миллион сомго сатууга даяр.
- Ушул маселени чечип бербейсиңерби, эл күтүп жатат. Чоң айылда бир да бала-бакча жок. Эми ошол 28 миллиондун ордуна даяр бала-бакчаны 4 миллион сомго сатып алсак бардык тарапка пайдалуу болот эле. Анын ээлиги тууралуу иш Жогорку Сотко эки жолу келип, экөөндө тең сатып алган тараптын пайдасына чеилген, - деп Эргешов премьер-министрге сунуш берди.
- Эгерде сот аны сатып алган ээсинин пайдасына чечип берген болсо, анда албетте, аны сатып алышыбыз керек. Бул маселени кийинки жылдын бюджетине киргизип, сатып алабыз. Андан соң заманга ылайык оңдоп-түздөп бала-бакча кылып беребиз, - деп Өкмөт башчы убадасын берди.
Бирок, сөз бир бала-бакча тууралуу болуп жаткан соң ал кайсы айылда экени айтылган жок. Эгерде Алмазбек Эргешовдун “Кыргызстан” партиясы аркылуу Аксы районунан депутат болуп шайланып келгенин эске алсак, демек, сөз аталган райондордун бириндеги бала-бакча тууралуу болуп жатканын баамдасак болот.
Булак: NazarNews.kg