www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын областынын Жумгал районуна караштуу
Көк-Ой айылдык Кеңешиин депутаты А. Жапаровдон
Дареги: Көк-Ой айылы, А. Касымбаев көчөсү №15

Кыргыз Республикасынын Президенти
Сооронбай Шарипович Жээнбековго


Кайрылуу

2018-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) мурдагы директору Бекполот Айтиевдин наамына мен, Жумгал районунун Көк-Ой айылдык Кеңешинин депутаты катары арыз менен кайрылгам. Арыз менен кайрылуумдун себеби 2008-жылы Көк-Ой айылына АРИС тарабынан каржыланып, бирок ишке ашпай калган, долбоордук наркы 43 750 (Кырк үч миң жети жүз элүү) сомдук кичи тегирмендин эмне үчүн Көк-Ой айылына келбей калганын, ошол учурда АРИСтин Көк-Ой айыл өкмөтү боюнча өкүлү Марат Батыров кичи тегирмен долбоорун жазган Бурул Байдалиевадан сатып келүүгө бөлүнгөн акча каражатын «мен сатып келип берем» деп толугу менен алгандыгын, айылга келбеген тегирменди «келип орнотулду жана толугу менен ишке киргизилди» деп 2008-жылы АРИСке жалган отчет бергендиги тууралуу маалымдап, мага Марат Батыров боюнча юридикалык баа берүү жагын сурангам.

АРИСтин директору кайрылуумду жеринен текшерүү жана жыйынтык чыгаруу үчүн АРИСтин ички аудит бөлүмүнүн кызматкери Алмаз Сагынбаев деген жигитке ишти тапшырды. Бирок эмнегедир менин кайрылуум жөнүндө Марат Батыров дароо эле билип, Бурул Байдалиеванын үйүнө барып, «Апаңа айтып кой, арызды токтотсун, болбосо өзү жооп берип калат» деп баласын коркутуп кетиптир. Көрсө «Карга карганын көзүн чукубайт» болуп же «бир акырдан жем жешкенби…?» келген арыз-даттанууларды кароо тартибин бузуп, аудитор А. Сагынбаев деген «эргул» Марат Батыровго телефон чалып «сенин үстүңдөн кичи тегирмен боюнча Көк-Ой айылынын депутаты арыз менен кайрылды,эртерээк оозун бас» дегендигин Алмаз Сагынбаев өзү мойнуна алып менден кечирим сурагандыгын кандайча түшүнүүгө болот? Бул «эргул» Көк-Ой айылына келип, айыл тургундарынын карысынан-жашына чейин тегирмендин келгендиги боюнча сурап, текшерүү жүргүзгөндүн ордуна, Бишкектеги кабинетине отуруп алып, Марат Батыровдон жана ошол кездеги Көк-Ой айылынын инвестиция комитетинин төрагасы Айбек Мамытбековдон түшүнүк алуу менен гана чектелип, болгон окуяны болгондой жазып берген Бурул Байдалиеванын түшүнүгүн катып алып, мага 6-ноябрь 2018-жылы №03-1056 каты менен «баары АРИСтин жол-жоболоруна ылайык иш жүргүзүлгөн» деп жооп берген.

«Балык башынан сасыйт» демекчи, АРИС жогорудагыдай «эргул адистерди баалайбы, 2019-жылдын башында Марат Батыровдун АРИСтин Нарын областык өкүлчүлүгүнө жетекчи болуп дайындалышы мени абдан таң калтырды.

Мен алардын жообуна канааттанбай бул ишке юридикалык баа берүүсүн суранып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кат менен кайрылдым. Мага Нарын областык прокуратурасынан жана Жумгал райондук прокуратурасынан арызды кароонун мөөнөтүн узартуу боюнча сунушу менен жооп беришти.

Мен бул кайрылуумду жазуу менен учурда АРИСтин жетекчилиги тарабынан дайындалган коррупцияга жол берген жана аны өзү уюштуруп инвестициянын башка максатка пайдалануусуна түздөн-түз тиешеси бар Марат Батыровдун ишмердүүлүгүнө мыйзам чегинде баа бересиздер жана Көк-Ой айылында мурдагы келген, келе турган инвестицияларды максаттуу пайдаланышын эл тарабынан көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштамакчымын жана мындай терс көрүнүштөр мындан ары кайталанбасын деген үмүттөмүн.

Кайрылуу ээси:                    А. Жапаров

28-март 2019-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости