www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен Тергөө кызматы тарабынан кумар оюндарын жана мыйзамсыз оюндардын ишмердүүлүгүн уюштуруу, өткөрүү фактыларын аныктоого багытталган операциясы жүргүзүлгөн.
Жакында, Кыргыз Республикасынын Президентинин атына шаардын тургуну Бишкек шаарынын аймагындагы оюн ойноочу мекемелерди текшерүүгө алууга жана ушундай мекемелерге баргандан кийин карызга батып, үй-бүлөлөрү бузулуп жаткан жөнөкөй жарандарга кумар оюндарын ойноого мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен алектенгендерди жоопкерчиликке тартуу суранычы менен кайрылган.
Аныкталгандай, Президентке кайрылган аялдын баласы 100 000 АКШ долларын уттуруп, карыз болуп, бул жагдайлар үй-бүлөөнү кыйынчылыкка дуушар кылган.
2019-жылдын 21-февраль күнү аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу жана күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Кыргыз Республикасынын жаңы Процесстик кодексине ылайык, экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндөгү (Жаза кодексинин 212-беренеси) кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жүргүзүшкөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө шаардын ар кайсы дарегинде жайгашкан “Ringo Trade” мекемесинин ишмердүүлүгү жөнүндө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү изилденген. Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелеринде ставкалар накталай коюлуп, алардын ар биринде “VIP” бөлмөлөр бар болуп, ал жакта ишенимдүү кардарларын тейлеп келишкен. Бинардык опцион катары аталганы менен ал жакта кумар оюндары өткөрүлүп келген.
Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгы тарабынан кумар оюндарын ойноочу жайдын дареги такталып, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
2019-жылдын 29-март күнү тергөө тарабынан тергөө иш-чараларын, анын ичинде көрсөтүлгөн даректердеги мекеменин ичине кароо жүргүзүү боюнча сураныч каты канааттандырылган.
2019-жылдын 29-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук тергөө сотунун токтомуна ылайык, атайын тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Атайын операциялар отрядынын (ТЧКАО) атайын бөлүмдөрүнүн күжүрмөн-жоокерлерин тартуу менен Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде, Жибек-Жолу проспектисинде, Байтик-Баатыр көчөсүндө, Ибраимов көчөсүндө, Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан кумар оюндарынын мекемелери текшерүүгө алынган.
Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан кумар оюндарын ойноочу мекемени текшерүүгө алганда оператор-кассирден 29 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты жана мурда белгиленген банкноттор табылган. Андан сырткары отчеттук документтер, ноутбуктар, процессорлор табылып, атайын бөлмөлөргө мөөр басылып жабылган.
Ал эми экинчи мекемеден администратордон жана оператор кассирден 226 00 суммасындагы акча каражаттары, ошондой эле белгиленген акчалар табылган. Ноутбуктар жана документтер дагы алынды.
Үчүнчү мекемени текшерүүгө алганда зарыл болгон документтер, операционист-кассирдин китепчеси, 150 00- сом суммасындагы акча каражаты, компьютерлер, планшеттер, дисктер табылган. Ошондой эле мекеменин ичинде 27 (терминал) маниторинг орнотулганы, келген кардарлар ставканы маниторинг аркылуу коюп келишкени аныкталган. Кийинки төртүнчү жана бешинчи мекемени текшерүүгө алганда 65 000 сом жана 109 000 сомдон ашык акча каражаты, планттешттер, 12 даана процессорлор, кассалык аппараттар табылып алынган.
Текшерүүгө алынган 5 кумар оюндарын ойноочу жайларда жалпысынан 582 000 сомдан ашык акча каражаты жана документтер табылып алынган.
Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg